Фармацевт Ширинай Орозбекова кагаздан 8 миң сомдук гүлдөрдү жасап жатат

TurmushТалас шаарынын 22 жаштагы тургуну Ширинай Орозбекова кагаздан гүлдөрдү жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча фармацевт.

«Турмушка чыкканым аз гана убакыт болду. Жолдошум мага чоң колдоо көрсөтүп турат. Талас медициналык колледжине 2018-жылы тапшырып, аны 2021-жылы аяктагам. Окууну бүтөрүм менен өзүмдүн кесибим менен иштеп баштагам. Иштеп баштаганыма 1 жылга жакындап калды.

Мен кичине кезимден бери эле кол өнөрчүлүккө аябай кызыкчумун, сүрөт тартканды да аябай жакшы көрчүмүн. Буйрутма алып гүлдөрдү жасап баштаганыма быйыл 2 жыл болот. 8-мартка жакын көп буйрутмалар келет. Эң эле кымбат гүлүм — бул 4 кабаттуу гүл. Ал гүлгө «атам падышам, апам ханышам» деп жазам. Баасы 8000 сом. Андан кийинкилер көлөмүнө жараша 2000 сом, 1500 сом, 1000 сом болуп кете берет.

Мага ар кандай буйрутмалар келет. Москвадан буйрутма бергендердин апаларына гүл жеткирип барсам аябай таң калышчу. «Балам Москвадан бери ушул гүлдү салып жибердиби» деп, абдан сүйүнүшөт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️