Пример HTML-страницы

Фархатжан Оңолбаев 6 миң долларга чейин бааланган кочкорлорду багып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Кеңеш айылынын 42 жаштагы тургуну Фархатжан Оңолбаев арашан тукумундагы койлорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 13 жашынан бери мал чарбада иштеп келет.

«Атам кичинемден кашарга кошо алып барып үйрөтүп жүрчү. Ата балага эмнени үйрөтсө бала ошол багыт менен эле кетет экен. Мен ошондон баштап малга кызыгып, ушуну менен оокат кылам деп мал фермабызда иштедим. Асыл тукум койго кызыкканыма 18 жыл болуп калды. Башында гиссар койго кызыгуудан башталган. Чүйгө атайын барып жакшы кочкорлорду баасына карабай алып келип жүрдүм. Анан акыркы жылдары арашан койлорго өттүм. Булардын кадимки койдон айрымасы чоң анан сындуу болушат.

Азыркы учурда 350 баш кой бар. Башында Француз аттуу кочкордун тукумунан алып аргындаштарганбыз. Анан Булдозердун Акшыйрак деген баласын алып келдим. Ошонун козуларын 1000 доллардан сатып жатам. Чоң кочкорлорум 6 миң долларга чейин кетип жатат. Азыр короодо Густав деген жаш кочкорум бар. Көргөзмөлөргө даярдап жатам. Бул койлордун баасы ушундай көргөзмөлөрдөн чыгат. Бул эл баалайт деген сөз», — деди ал.

Фермер жубайы экөө 2 кыздын ата-энеси.

Арашан порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт. Республика боюнча арашан породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE