Пример HTML-страницы

Эже-сиңдинин жансыз денеси кол кармашкан абалда табылган. Погончон айым унутпаган окуя

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Шаты айылынын тургуну Айтурган Өмүралиева. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Милициянын улук лейтенанты учурда Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында аймактык тескөөчү болуп иштеп жатат. 2018-жылдан бери эмгектенип келе жаткан жаш инспектор милиция кызматкери болуп, погон тагынуу балалык кыялы экенин айтты.

«Мен 1996-жылы Шаты айылында жарык дүйнөгө келгем. Д.Молдогазиев атындагы №8 жалпы билим берүү мектебинин босогосун аттап, 2014-жылы аяктадым. Андан соӊ балалык мезгилде кыялданган кесибимди тандоого бел байлап, ата-энем, жакын адамдарымдын колдоосу менен ИИМдин алдындагы Э.Алиев атындагы академияга тапшырып, 2018-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм.

Эӊ алгачкы иш тажрыйбамды Жети-Ѳгүз РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан баштагам. Райондо бир жылдай эмгектенип, 2020-жылы ушул эле кызматымды Тоӊ РИИБде, андан соӊ Каракол шаарында уланттым. Бул аймакка үй-бүлөлүк шартка байланыштуу которулдум. Себеби болочоктогу жолдошум кесиптешим болгондуктан экөөбүз баш кошуп, ушул күнгө чейин бир тармакта эмгектенип келе жатабыз. 2023-жылдан бери жолдошум Түп районунда тергөөчү, мен болсо балдар менен иштөө бөлүмүндө тескөөчү болуп эмгектенип келе жатам», — деди ал.

Погончон айым өмүрлүк жолдошу менен бир уулду тарбиялоодо. Ал балдар менен иштөө чоӊ жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи.

«Жолдошум да бул тармакта иштеп, кесиптеш болгондуктан бир үйдөн бир тергөөчү жетет деп тамашалап калабыз. Себеби мен балдар менен иштешүү жолун тандап, өз милдетимди так аткарууга көнүп алдым. Арийне, мектеп жашындагы өспүрүмдөр менен иштөөдө чоӊ жоопкерчилик турат. Мындай учурда азыр коомубузда өспүрүм жасаган кылмыш жана өспүрүмгө чоӊдор тарабынан жасалган зомбулук фактылары катталып келет. Ѳзүмдүн жеке тажрыйбамда өтө аянычтуу да окуялар коштолгону дагы деле көз алдымда турат.

Каракол ШИИБде иштеп жүргөндө 3 жана 5 жаштагы бир тууган эже-сиӊди сууга агып, сөөгү эки күн бою изделген. Ошондо жансыз денеси табылып, суудан алып чыкканда денелери көөп кеткенин жана экөө кол кармашып көз жумганына жаным кейиген. Ата-энеге эӊ катуу тийген тагдырдын соккусу бала жоготуу болсо керек. Мындай аянычтуу тагдырларды болтурбоо максатында окуучуларга да, ата-энелерге да түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз.

Келечекте кызматтык антыма бекем туруп, Кыргызстандын ичинен кайсы аймакка ротация кылса да, жолдошум экөөбүз ар дайым чогуу жүрөбүз деп тилек кылабыз. Уулумдун атасы мага акыл-насаатын айтып, ар тараптан колдоп турганы үй-бүлөнүн бекемдигине алып келерине ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE