Эже-сиңди бир заматта балдарынан айрылышты. Жайыл районундагы 6 баланын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда «Фольксваген Джетта» үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетти. Анын кесепетинен жашы жете элек алты бала каза болду.

Жайыл райондук ӨКБнын маалыматына караганда, 2024-жылы 20-июлда саат 18:00 чамасында Жайыл районунун Сары-Коо айыл аймагына караштуу Алтын айылында түштүктөн түндүк тарапка бара жаткан «Фольксваген Джетта» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда рулду башкарай албай, көлмөгө түшүп кеткен. Унаанын ичинде 11 киши, айдоочу, 2 аял жана 8 жаш бала болгон.

Кырсыктын кесепетинен 6 бала жеринде кайтыш болгон. Ал эми аялдардын бири 3 айлык ымыркайы менен Жайыл райондук ооруканасына тез жардам унаасы менен жеткирилген. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.

Жерине Жайыл райондук ӨКБнын техникасы тартылып, аталган унаа суудан чыгарылган. Учурда кырсык болгон аймакта Жайыл РИИБдин тергөө кызматынын кызматкерлери иш алып барууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык Алтын айылынын үчүнчү көлмөсүндө болгон. Көлмөнүн аянты — 16 гектар.

Пример HTML-страницы

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, каза тапкандар эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Тактап айтканда, эже-сиңдинин төрттөн балдары болгон. Алар үчтөн баласынан айрылган:

— 2015-жылы туулган Б.В.

— 2018-жылы туулган Б.А.

— 2019-жылы туулган Б.Д.

— 2016-жылы туулган Б.В.

— 2020-жылы туулган Б.Т.

— 2018-жылы туулган Б.К.

Ал эми айдоочу — 1984-жылы туулган Г.Т. аттуу жаран экени белгилүү болду. Кырсыкка кабылгандар көлмөлөрдүн биринен Кара-Балта шаарын көздөй бара жатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️