Пример HTML-страницы

Эже-сиңди 6 баланы акыркы сапарга узатышты

Акыркы жанылыктар

Turmush22-июнда Чүй облусунун Жайыл районундагы кырсыкта каза болгон алты бала жерге берилди.

Ондогон адамдар коштошууга келишти. Дин кызматкерлери акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга жардам көрсөтүштү, ал эми табыттар агенттик тарабынан алынып келди.

Кырсыкта каза болгондор:

— Боярская Ангелина Александровна, 2018-жылдын 13-июлунда туулган;

— Боярская Валерия Александровна, 2017-жылы туулган;

— Боярский Тимур Александрович, 2020-жылдын 3-ноябрында туулган;

— Боярская Карина Александровна, 2018-жылдын 24-июнунда туулган;

— Боярская Вероника Александровна, 2015-жылдын 11-майында туулган;

— Боярская Диана Александровна, 2019-жылдын 13-июлунда туулган.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө 2024-жылдын 20-июнунда саат 19:00 чамасында Жайыл районуна караштуу Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөсүнө «Фольксваген Джетта» үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кетип, ичиндеги жүргүнчү катары бара жаткан жаш балдар каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат Жайыл РИИБдин электрондук маалыматтык каттоо китебине катталып, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Окуя боюнча ыкчам тергөө тобу аталган жерге барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Болжол менен саат 13:00 чамасында Кара-Балта шаарынын 1984-жылы туулган тургуну Г.Т. «Фольксваген Джетта» үлгүсүндөгү унаасы менен Жайыл районунун Алтын айылында жайгашкан №3 көлмөгө келген. Анын жанында:

— Жубайы — 1998-жылы туулган Б.О.

— Балдары:

  • 2017-жылы туулган Б.В.
  • 2018-жылы туулган Б.К.
  • 2020-жылы туулган Б.Т.
  • 2024-жылы туулган Г.Р.

— Кайын эжеси — 1997-жылы туулган Б.О.

— Анын жашы жете элек балдары:

  • 2015-жылы туулган Б.В.
  • 2018-жылы туулган Б.А.
  • 2019-жылы туулган Б.Р.
  • 2017-жылы туулган Б.С. болгон.

Алар көлмөгө түшүп, эс алууга келишкен. Ошол жерден айдоочу Г.Т. спирт ичимдигин ичкен. Болжол менен саат 18:30 чамасында мас абалында унаасы менен бурулуп жатып, дөңсөдөн оодарылып, ичиндеги жүргүнчүлөр менен чогуу сууга түшүп кеткен.

Унаанын ичинен айдоочу Г.Т., аялы Б.О., ымыркай кызы — 2024-жылы туулган Г.Р., кайын эжеси Б.О. жана анын кызы — 2017-жылы туулган Б.С. автоунаадан чыгып, калган жүргүнчүлөр көлмөгө чөгүп каза болушкан. Суудан алардын жансыз денелери чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдардын негизинде бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинде (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

«Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Г.Т. аталган жерде “сууга түшүүгө болбойт” деген эскертүүгө карабай сууга түшүп, мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылгандыгы, анын натыйжасында жаш балдар каза болгондугу аныкталган. Мындан улам айдоочу Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин кырсыктын кесепетинен 6 бала жеринде кайтыш болгону, аялдардын бири 3 айлык ымыркайы менен Жайыл райондук ооруканасына тез жардам унаасы менен жеткирилгени кабарланган.

Эже-сиңди үчтөн баласынан айрылган:

— 2015-жылы туулган Б.В.

— 2018-жылы туулган Б.А.

— 2019-жылы туулган Б.Д.

— 2016-жылы туулган Б.В.

— 2020-жылы туулган Б.Т.

— 2018-жылы туулган Б.К.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE