Пример HTML-страницы

Европадагы эң чоң көпөлөктү Кыргызстандын тоолорунан кездештиришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун тоолорунда жаратылыш сүйүүчүлөрү Европадагы эң чоң көпөлөктү кезиктиришти.

Тимур Добровдун айтымында, тоодо жайдын башында гүлдөр массалык санда болуп, ошого жараша көпөлөктөр да көп болот. Алардын арасында абдан кооз жана сейрек кездешүүчүлөрү да бар. «Бул жолу менин камерамдын объективине чоң махаон тартылды», — деди Добров.

Биолог Ирина Стежко айткандай, махаон — Европадагы эң чоң көпөлөк. «Ал Европадан Азияга чейин тараган. Түндүк Африкада жана Түндүк Америкада кездешет. Анын канатынын узундугу 7 сантиметрден 10 сантиметрге чейин жетет. Бул көпөлөктөр табиятта өтө сейрек кездешет, алардын жашоо узактыгы үч жумадан ашпайт. Алар гүл ширеси менен азыктанышат. Көпөлөк өзүнүн атын атактуу байыркы грек дарыгери Асклепийдин уулу Мачаондун урматына алган. Кыргызстанда Кызыл китепке кирген», — дейт биолог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE