Эвакуацияланган жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайларына кайтып келе баштады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 17-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрдү.

ӨКМдин маалыматына караганда, жалпы 58 үйдүн короосуна, 4 социалдык объекттин анын ичинен 5 турак жайдын ичине сел кирген. 1 үй авариялык абалга келген. Сел болгон аймактан 300гө жакын үйдүн жашоочулары эвакуацияланган.

  • Эски-Кочкор-Ата айылында 2014-жылы туулган Э.Ж. аттуу баланы сел агызып каза болду.

18-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган куткаруучулар, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана жарандык коргоо кызматтары тарабынан тактоо жана келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө жумушу жүрүүдө.

Жалпы 150 адам, 18 инженердик техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда.

Пример HTML-страницы

——————————————————-

Сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар.

Тартылган күч-каражаттардын жардамында 17-июнь күнү саат 23:30да Бишкек–Ош унаа жолу толук тазаланып, эки тараптуу ачылган. Сел кирген 5 үйдүн ичи сел калдыктарынан толук тазаланды.

  • Буга чейин 22-апрелде дагы Ноокен районунун Эски-Кочкор-Ата айылында сел жүрүп, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган. ӨКМ Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендигине байланыштуу Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралып, 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланганын кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️