Пример HTML-страницы

Эс-учун жоготкон 2 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Өгөй атасы шектүү катары камакка алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн кичинекей кыздын окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эки жаштагы кыз денесинен жараат алып, 2024-жылдын 7-июнь күнү Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.

Андан кийин Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуяны тыкыр иликтеп, бул жагдай боюнча жыйналган материалда Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинде (уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери болгондуктан кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, бул кылмыш иши боюнча наристенин таенеси арыз менен кайрылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, КР КЖПКнын 96-97-беренелеринин негизинде убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Буга чейин Turmush Баткенде 2 жаштагы наристе ур-токмоктун айынан ооруканага түшкөнүн жазган. Наристе 7-июнь күнү Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда түшкөн.

Анын таенеси небересин күйөө баласы урганын, буга чейин дагы кол көтөрүп келгенин айткан.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынан билдиргендей, наристе азыркыга чейин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Кийинчирээк Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы дарыгерлерди жана күбөлөрдү сурамжылоо учурунда кызды ата-энеси бир нече жолу бастырууга аракет кылышкан учурда жерге кулап, башынан ар кандай жарааттарды алып, ошондон улам талмасы (эпилепсия) кармап, ооруканага жеткирилгендиги, ага карата кимдир-бирөөлөр тарабынан зордук-зомбулук аракеттер же уруп-сабоолор болбогондугу аныкталгандыгын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE