Пример HTML-страницы

Эс-учун жоготкон 2 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Милиция окуянын жагдайларын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн кичинекей кыздын окуясы боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 7-июнунда саат 09:19 чамасында Баткен облустук ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери милицияга телефон аркылуу байланышып, Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну — 2022-жылы 2-июнда туулган А.М. эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендигин билдирген. Аталган маалымат билдирменин негизинде ошол эле күнү Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүү учурунда Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын 32 жаштагы тургуну А.кызы А.нын экинчи турмушунан төрөлгөн 2022-жылы туулган А.М. төрөлгөн учурда эле церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен төрөлүп, буту баспагандыгы аныкталган. 2024-жылдын май айынын башында кыздын апасы Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т.га турмушка чыгып, алар Баткен районунун Бужум айылында чогуу жашап жүргөн. Алар церебралдык шал оорусу менен төрөлүп, баса албаган 2 жаштагы кызды ордунан тургузуп, бир нече ирет бастырууга аракет жасашкан. Бирок жаш бала баса албай, жерге баш тарабы менен бир нече ирет кулаган. 2024-жылдын 7-июнунда Ж.Т. 2 жаштагы кызды бастырууга аракет кылып жаткан учурда жаш кыз тилин тиштеп, эс-үчүн жоготуп койгондуктан жубайы А. кызы А. экөө аны Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

2 жаштагы кыздын жаракатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы күтүлүүдө. Ал эми кыздын апасы менен атасы бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Мындан сырткары 2 жаштагы А.М.ны кабыл алган дарыгерлерди жана күбөлөрдү сурамжылоо учурунда кызды ата-энеси бир нече жолу бастырууга аракет кылышкан учурда жерге кулап, башынан ар кандай жарааттарды алып, ошондон улам талмасы (эпилепсия) кармап, ооруканага жеткирилгендиги, ага карата кимдир-бирөөлөр тарабынан зордук-зомбулук аракеттер же уруп-сабоолор болбогондугу аныкталган.

А.кызы А. жана Ж.Т. 2 айдан, тактап айтканда 2024-жылдын май айынан бери чогуу Бужум айылында жашап жатканы, алар убактылуу эч жерде иштебегендиги такталды.

Учурда жаш кыздын денесинен алган жарааты боюнча Баткен ОИИБде ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush Баткенде 2 жаштагы наристе ур-токмоктун айынан ооруканага түшкөнүн жазган. Наристе 7-июнь күнү Баткен облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда түшкөн.

Анын таенеси небересин күйөө баласы урганын, буга чейин дагы кол көтөрүп келгенин айткан.

Баткен облустук биргелешкен ооруканасынан билдиргендей, наристе азыркыга чейин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE