Эс алуучу жайдан 400дөн ашык адам эвакуацияланды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 13-июлда Ош шаарында сел жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. Буга кошумча жалпы 46 куткаруучу тартылды. Куткаруучулар тарабынан 420 адам эвакуацияланды.

Селдин кесепеттерин жоюуга 90 куткаруучу, 20 аскер кызматкери, ошондой эле ИИМден 170 кызматкер, тез жардам кызматынан 2 бригада тартылып, иш алып барууда.

Ошондой эле Ош шаарындагы борбордук базарын сел каптады.

Пример HTML-страницы

Алдын ала маалымат боюнча, сел жалпы 7 авто унааны агызып кеткен. 4 унаа табылып чыгарылды, 3 унаа изделип жатат.


Бүгүн, 13-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу сел жүрдү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, ондогон үйдүн короосун каптады.

Жаңы курулган мектептин жана анын жанындагы ФАПты суу каптап жатат. Мындан сырткары айылдан үстүнөн өткөн каналдан суу ашып, ондогон үйдүн короо-сарайларына кирди.

Ош—Сары-Таш—Эркеч-Там унаа жолу селден улам жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️