Эртең Өтмөк ашуусунда жол жабылып, кар көчкүнү аткылоо иштери жүргүзүлөт

TurmushЭртең, 30-мартта саат 9:00дөн тарта Өтмөк ашуусу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммукациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ашууда артиллериялык аткылоо менен кар көчкү түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Андыктан бардык категориядагы унааларга каттам жабылат. Буга байланыштуу министрлик Өтмөк аркылуу сапарга чыккандарды маршруттарын алдын ала пландоону суранат.

Бүгүн, 29-мартта Өтмөк ашуусунда аба ырайы кескин начарлаганына байланыштуу Кара-Ой айылынан жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө коюлду. Жеңил унаалар үчүн каттам ачык. Ашууда бороон болуп жаткандыктан №36 жол тейлөө ишканасы трассадагы карды тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин аткарып жатат.

Буга чейин Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн бүгүн, 29-март күнү Өтмөк ашуусу толук жабылганын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️