Эрназар Акматалиев баштаган балбандар Россиядагы мелдешке катышат

Кыргыз спорт жанылыктары

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Россиянын Саха Ресубликасында (Якутия) өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Турнир якутиялык машыктыруучу Дмитрий Коркиндин элесине арналып өткөрүлөт.

Кыргызстандан бул мелдешке Эрназар Акматалиев (70 кг), Улукбек Жолдошбеков (65 кг) жана Стамкул Жаныбек уулу (92 кг) катышат. Биринчи орун алган спортчуга 200 миң рубль сыйлык берилет.

Турнир 19-20-октябрда өтөт. Анда 10дон ашык өлкөнүн спортчулары таймашка түшөт.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️