Эркин күрөш менен машыккан Сымбат өткөн жылы жылдын мыкты спортчусу болгон

Turmush2020-жылы «Жылдын мыкты спортчусу» номинациясы менен сыйланган Сымбат Макеленова эркин күрөш менен бармактайынан машыгып келет. Ал бул сыйлыкты айылынан алган. Ушул мезгилге чейин райондук, облустук турнирлерге катышып, бир топ ийгиликтерди жараткан.

Каарманыбыз 2010-жылы 1-мартта Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир тууган.

«2019-жылы биздин айылдагы кичинекей залга өз каалоом менен эркин күрөшкө баргам. Агайдын көптөгөн ыкмаларынан үйрөнүп, ийгиликтерге жетиштим. Мага түрткү болгон ата-энем болду. Алар мага дем-күч берип, колдоп турушту. Азыркы учурда Ача-Кайыңды айылынын Ой-Терскен орто мектебинде 5-класста окуйм. Класста активдүү окуучулардын биримин.

Жаштар үчүн спорт залдарын оңдоп, шарт түзүп беришсе, спорт тармагы мындан дагы жакшы өнүкмөк. Келечектеги максатым Айсулуу Тыныбековадай, Мээрим Жуманазаровадай болуп Кыргызстандын желеги дүйнөгө желбиретип, кыргыз элинин намысын коргогум келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️