Эркектердин арасында иштеген Жылдыз Сабырбек кызы жалгыз бой энелердин катарын толуктайт

TurmushТалас шаарынын 32 жаштагы тургуну Жылдыз Сабырбек кызы жүк ташуучу унааны 10 жылдан бери башкарып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Бакай-Ата районунун Үрмарал айылында туулуп-өскөм. Учурда Талас шаарында жашайм. Өзүм Талас агрардык экономикалык техникумунан салык кызматкери адистигине ээ болгом. Бирок ал кесип менен иштеген эмесмин. Унаа айдаганды 21 жашымда кайненем үйрөткөн. Кызыгуум күчтүү, ушундан улам бат өздөштүрүп кеттим окшойт. Унаа айдагандан ырахат алам. Алгач «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа айдагам. Андан соң «Мерседес-бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны башкарып калдым. Башында жеңил, кичинекей унааны айдап үйрөнгөм. Кийинчерээк мөмө-жемиш сатып баштаганда чоң жүк ташуучу унаа айдоого туура келди. «Ар кимге жалдырабай» деп, унааны алган күнү эле Талас шаарынын Ленин көчөсүнө (чоң жолу, трасса) түшүп, Казакстанга бет алдым. Жерге түшкөндө унаанын чоңдугунан өзүм коркком. Бирок ичиндеги рулду кармаганда эле жоопкерчиликти сезип, бат эле үйрөнүп кеттим», — деди ал.

Анын айтымында, жумушу менен көп жерлерди көрүп үлгүргөн.

«Эсимде калганы Казакстандын Мерке трассасында дөңгөлөк жарылып калганы болду. Түнкү саат 02:00, курбу кызым экөөбүз эле. Чоң трассада эч ким токтобойт. Катуу шамал, анан унаада жүк бар болчу. Эмне кыларыбызды билбей, акыры дөңгөлөктү өзүбүз которгонбуз.

Талас—Тараз унаа жолунда көчөдө калгандан коркпойсуң. Анткени жакшы адамдар көп. «Биздин кыз» деп эркелетип, көп жерден жардам кылышат. Мен өзүм көп жерди кыдырганды жакшы көрөм. Жүк ташуучу унаам менен Казакстандын Тараз, Алматы, Астана, Шымкент, Сарыагаш, Жети-Сай, Түркстан шаарларына алма, алмурут, өрүк, шабдалы сатып келгем. Кыргызстандын көп жерлерине бардым. Бирок Нарын жана Баткен облустарына бара элекмин», — деди ал.

Каарманыбыз бул жумушуна мырзалар кандай көз карашта экенин айтып берди.

Пример HTML-страницы

«Мен эркек кишилер менен иштешкениме байланышту бардык жерде колдоп, сыйлап турушат. Чек арада кезек болуп калганда, унаам бузулуп калганда, оор нерсе көтөрө албай жатсам, деги эле баарына көмөк колун сунушат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер да: «Анча-мынча эркектерге караганда унааны жакшы айдайт экенсиз» деп, ак жол тилеп узатышат. Мени сыйлагандардын баарына ыраазымын.

Азыр үчүнчү спринтеримди айдап жатам. Унааны иним же досторум менен барып тандайм. Бардык тетигин өзүм көрүп, карап алам. Мени карап күлгөн мырзалар көп. «Сен эмнени түшүнөсүң?» дегендер толтура (күлүп).

Кудайга шүгүр, 3 баланын мээримдүү энесимин. Жалгыз бой энемин. Мен жумуштарым менен жүргөндө балдарыма ата-энем жана бир туугандарым каралашат. Балдарымды эч кимге кор кылбай, багайын деген тилегим күч», — деп сөзүн жыйынтыктады айдоочу айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️