Пример HTML-страницы

Эр Табылды душмандардан сактанып, Ысык-Көлдөн дүрбү салган чоку (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТоң районуна караштуу КөлТөр айылынын жогору жагында тарыхый жай орун алган. Ал жерди Эр Табылды дүрбү салган чоку деп аташат. Жергиликтүү тургун Жанарбек Өмүракунов аталган тарыхый жер тууралуу айтып берди.

«Тоң өрөөнүнүн жогору жагында тарыхый жайлар көп. Байыркы замандагы сепилдер, таш бетине чегилген жазуулар бар. Табылдынын чокусу деп эпосто айтылган чоку ушул Тоң районунун Ача-Таш жайлоосунда жайгашкан. КөлТөр айылынан 240 чакырым алыста орун алган. Эр Табылды дүрбү салган чокуга чыгып караганда Кара-Камал, Балгарт, Ак-Шыйрак суусу Сыр-Дарыяга кошулганы көрүнөт деп айтылат. 15-17-кылымдагы эпосто айтылган Эр Табылды дал ушул чокудан душмандарды карап турчу экен. Чокунун үстүнө чыкканда адамга төрт тарабы алаканга салгандай көрүнөт», — деди ал.

Ал кийинки муунга ар дайым ата-бабалар баскан жердин ыйыктыгын жана тарыхты айта жүрүшүбүз керек экенин кошумчалады.

«Анткени ата-бабалар баскан из — келечек муун үчүн чоң тарых. Мен ар жылы августка чейин бул жакка келип, эс алып, чокунун үстүнө чыгып, жаратылыштын кооздугуна суктанам. Ошол маалда Ача-Таш жайлоосу көрктөнүп, көк шибери ажарын ачат. Аталган жайлоого малчылар отурукташып, мал багууга да ыңгайлуу. Бирок бул жакка унаа келбейт. Бир нече чакырымды ат менен басып өтүүгө туура келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE