Энергетиктердин шаарындагы эң улгайган тургундардын бири — 94 жаштагы Букуш Дакулов

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы эң улгайган тургундардын бири — 94 жаштагы Букуш Дакуловду Эл аралык карылар күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Букуш Дакулов 1930-жылы Алтынчы аймагында (азыркы Токтогул суу сактагычы турган, көл баскан жер) туулган. Анын келини Нурайым Макешова кайын атасы тууралуу айтып берди.

«Атам совхоздо комбайн айдаган экен. 1978-жылы үй-бүлөсү менен Кара-Көлгө көчүп келишкен. Таш-Көмүр, Күрп-Сай ГЭСтеринде трактор айдап иштеп, учурда ардактуу эс алууда.

Атам 94 жашка чыкса да чыйрак, сергек, акылы тунук. Болгону кулагы жакшы укпай калды. Апабыз Дакулова Ырыскан 1940-жылы төрөлгөн. Экөө 65 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет. Сегиз баланын ата-энеси, 19 небере, 7 чөбөрөсү бар», — деди Макешова.

——————————————————————

Пример HTML-страницы

Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.

Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.

Акыркы эл каттоо боюнча, Кара-Көл шаарында 27 миң 257 адам, анын ичинде шаарга караган Кетмен-Төбө айылында 2 миң 238 адам жана Жазы-Кечүү айылында 1 миң 971 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️