Энергетиктердин шаарында Комуз күнү белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 9-сентябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында комуз күнү белгиленди.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүндө уюштурулду. Балдар чыгармачылык үйүндө тарбияланып жаткан «Келечек» комуз ийриминин катышуучулары кыргыз күүлөрүн ансамбль менен ойношту. Иш-чарага ата-энелер, мугалимдер катышты.

«Келечек» комуз ийримин Бакдөөлөт Нусубалиев жетектеп келет.

  • Комуз күнү Кыргызстанда 2019-жылдан бери 9-сентябрда белгиленет.

——————————————————————

Пример HTML-страницы

Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.

Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.

Акыркы эл каттоо боюнча, Кара-Көл шаарында 27 миң 257 адам, анын ичинде шаарга караган Кетмен-Төбө айылында 2 миң 238 адам жана Жазы-Кечүү айылында 1 миң 971 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️