Энергетиктердин шаары кеңеет. Башкы план даярдалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары 1 миң 858,97 гектарга кеңейтилет.

Мэр Нуртилек Орозбаевдин айтымында, учурда Кара-Көл шаарынын башкы планы даярдалып жатат.

«Башкы план боюнча буга чейин жумуштар жүрүп жаткан, бирок жыйынтык болгон эмес. Башкы планды даярдап жаткан башкы подрядчы, субподрядчы менен жолугуп, кээ бир жерлерге толуктоо, өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды бердик. Азыркы даярдалып жаткан башкы планга шаардын жалпы аймагы кошулуп кетет. 2013-жылкы башкы планда шаардын ички жерлери гана жайгашып, чек аралары белгиленген эмес. Учурда чек араны тактап, белгилөө боюнча иш алынып барылып жатат. Ушул жылдын 20-ноябрына чейин тапшырмалар аткарылышы керек. Бирок жыл аягына чейин толук бүтүрөбүз деп аракет жасап жатабыз. Жалпысынан 7 миллион 800 сом акча каражаты которулуп берилген», — деди шаар башчысы.

Тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери шаардын 2045-жылга чейинки даярдалып жаткан башкы планын талкуулашты. Алар шаарды кеңейтүүдө экономикалык, инфратүзүмдүк шарттарды эске алуу зарылдыгын белгилешти.

Даярдалып жаткан башкы планга ылайык, Кара-Көл шаарынын аянтына жанаша жайгашкан айыл аймактардын Жаз-Кечүү, Кайыңды, Жээн-Кыштоо жана Чоң-Таш эсебинен 1858,97 гектар кошулат. Анын ичинде өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган жерлер такталып, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы иштелип чыгат.

Пример HTML-страницы

Шаардын башкы планын даярдоого жергиликтүү бюджеттен 3,5 миллион сом жумшалууда.

——————————————————————

Кара-Көл — гидрокуруучулардын жана энергетиктердин шаары. Шаар 1962-жылы 16-июнда кыштак катары түзүлгөн. Кыргыз ССРнин Жогорку советинин президиумунун 1977-жылдын 7-январындагы жарлыгы менен облуска баш ийген шаар болуп кайра түзүлгөн.

Шаардын аймагында Токтогул ГЭС каскады, «Достук заводу» ачык акционердик коому сыяктуу ири ишканалар жайгашкан. Ошондой эле университет, техникум, оорукана, мектептер, кафелер, дарыканалар жана башкалар бар.

Акыркы эл каттоо боюнча, Кара-Көл шаарында 27 миң 257 адам, анын ичинде шаарга караган Кетмен-Төбө айылында 2 миң 238 адам жана Жазы-Кечүү айылында 1 миң 971 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️