Пример HTML-страницы

Жыл башынан бери Кара-Кулжада 67 чөө, 23 карышкыр атылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Кулжа районунда жыл башынан бери 23 карышкыр, 67 чөө атылды. Бул тууралуу Экология жана климат мамлекеттик агенттигинин Кара-Кулжа боюнча аңчы адиси Жеңиш Бекташов билдирди.

Анын айтымында, быйыл Алайкуу зонасында карышкыр көп болууда. Ноябрь айында эле Терек айылынан жергиликтүү мергенчи Куштарбек Кадиев 5 карышкыр атып алган.

«Карышкырлар учурда малга тийип, элди кыйнап жатат. Мындан улам жергиликтүү мергенчилер карышкыр атууну уланып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE