Пример HTML-страницы

Жети токочтун касиети

https://kyrgyzcha.site/?p=10664&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

?ЖЕТИ ТОКОЧТУН КАСИЕТТИ. 

 

Баягыда бир жолоочу жолдо келе жатып, жолдон сандык таап алат. Ачып караса алтын таш жатат. «Кудайым жок жерден берди го» деп кубанган байкуш алтынга колун созо бергенде, ал чоң жыланга айланып өзүнө тап берет.

— Эй, бечара не тапсаң да, өз шоруңан көр. Сандыкта жатып миң жыл бою:

«Ким мени бошотсо алтын менен аптап, күмүш менен каптаймын» деп тиледим. Эч ким куткарбады. Бүгүн: «Ким болсо да эми мени куткара турган болсо, ошону жутуп өлтүрөм,»- деп шерт бердим. Сен кезиктиң. Эми шертимди орундаймын,- дейт. Жолоочу шашкалактап не кылаарын билбей, «сени куткардым, жибере гөр» деп канча жалынса да жылан көнбөйт. Капыстан жолоочу алыстан келе жаткан отуз адамды көзү чалат. Кубанган жолоочу алардан жардам сурайт. Алар жыландан коркуп:

— «Бул жылан өтө алп экен, буга чамабыз жетпес,-» деп колдорун шилтеп кете беришет.

Жылан жолоочуга жакындай түшөт.

Ал неме:

— «Өлгөн жерим ушу болду го,-» дей бергенде дагы да беш кишинин көлөкөсү көрүнөт.

Жолоочу куткаргыла деп эми аларга жалынат.

— «Отуздун чамасы жетпегенде эми бизден нени күтөсүң?-«деп алар да кетип калат. Жылан ороло баштайт. Байкуштун үрөйү учат. Ошол кезде бир кичинекей бала келе калып:

— Эй, жылан мына байкуштун не жазыгы бар?

Жылан болгон жайды айтып:

— Отуздан кайыр, беш жандан пайда болбогондо сен не кыла алмаксың? Жолуңдан калба..

Бала:

— «Эй, жылан, жазыксыз жанга жалаа жаппа. Жалганыңа ишенбеймин. Айтканың ырас болсо, мынандай денең менен, кичинекей сандыкка кантип баттың? Көз көрбөй, көңүл ишенбейт,»- дейт. Жылан буркан-шаркан ачууланып:

— «Сандыктан кантип чыксам, ошентип батып кетем, көрүп көз жеткиз,-» дейт да, түтүнгө айланып, жогору көтөрүлүп, сандыкка кирип кетет. Бала сандыкты тарс жаап, оозун бекитет да, жолоочуга:

— «Жыландан кутулдуң, эми жолуңдан калба,- «дейт. Жолоочу кубанып:

«Айлаңды ашырдың, баатыр. Карызмын. Жөнүңдү айт,кимсиң?- «дейт. Анда бала:

«Бул жылан — орунсуз айткан өз сөзүң. «Он балээнин тогузу тилден» деген. Орунсуз сөз ээсин кабат. Акылдуу адам тилин бууйт.

Отуз киши — кармабаган орозоң, беш киши — каза кылган беш убак намазың. Кулчулукка салкын карадың, алардан кайыр болбоду. Бирок, сен жума сайын жети токоч бышырып, кедей-кембагалга садага берет элең. Алла сенин ушу касиетиңди жакшы көрдү. Мен — ошол өзүң пышырып тараткан жети токочмун. Сени куткарууга Кудай атайы жиберди,-«дептир.Ушудан баштап эл ичинде жети токоч жети балээни жоет. Жети токоч б(п)ышырсаң, жети атаңа сообу тиет деген баян, түшүнүк калган экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE