Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө бээнин сүтүн ичип, дарылануу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бээнин сүтүн ичүү сезону башталды. Аймактык кабарчы ден соолугуна кам көрүп, тоого бээнин сүтүн ичүүгө баргандар менен маек курду.

Маалым болгондой, май айынын орто ченинде бээнин сүтүн ичүү абдан пайдалуу. Ушундан улам тоого эс алууга келгендердин саны арбын. Алардын катарында Жети-Өгүз айылынын тургуну Салкын Байгазакова да бар. Ал бээнин сүтүнүн дарылык касиети боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Мен өзүм 5 жылдан бери такай май айынын ортосунда келип, 10 күн сүт ичем. 5 маал сүт ичип, 10 күн эс алган соң кадимкидей өзүмдү жакшы сезип калам. Сүт ичүү мезгили жаңыдан жылкы желеге байлана баштаганда жакшы болот экен. Бул учурда жылкы жерден үзүп жеген чөптөр витаминдерге бай болот дешет. Былтыр сүттүн бир кесеси 40 сом болсо, быйыл 50 сомдон болууда», — деди ал.

Ошондой эле Дархан айылынын тургуну Гүлбайра Мамытова да бир катар жылдан бери ден соолугуна байланыштуу сүт ичип келгенин айтты. Айыл тургуну боор оорусунан улам сүт ичүүгө келерин айтып, пайдалуулугун белгилеп өттү.

Жылда бээ байлаган тургундардын айтымында, эс алуучу ар башка бээнин эмес, бир гана бээнин сүтүн ичсе жыйынтык болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE