Пример HTML-страницы

Жаткан жери жайлуу болсун

https://kyrgyzcha.site/?p=15732&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*Бир күнү жумуштан үйгө келсем кайнене Ютубду бийик коюп алып Чубак Ажынын насааттарын угуп, мантыга камыр жасап атыптыр.

-Эмне жөнүндө сүйлөп атат?- десем, ыйман жөнүндө экен, көп пайдалуу нерселерди айтып атат деп калды.

Ага чейин Чубак Ажынын азил-чыны аралаш жоопторун элдерден угуп калчумун, бирок көп маани берчү эмесмин. Улуу киши угуп атса, бузбайын деп мен да камыр жайып атып, манты түйүп бүткүчө насаат уктук.

Чын эле, аны муну уккандан көрө, даяр акылды, тарбияны мээге куюп коет экен, ар бир суроого так, эч бир кынтыксыз далилдери менен жооп берип койду, «аа, элдер бекеринен устаз деп өтө сыйлашып, урматтабайт турбайбы деп калдым».

Ютубдан укмайынча чынында ал киши тууралуу макалаларга, ар түрдүү полемикага көңүл бурбапмын, көрсө көп нерсени билбей жүргөн экенмин.

 

Ошондон тарта ашканага киргенде жок дегенде тамак жасаганча жарым саат Насаат Медиага кирип, ар түрдүү темадагы видеолорун уга баштадым, бара бара видео укмай адат болуп калды, эшик шыпырып, короо тазалап атсак да видеону коюп коем, угуп акырын чарбабызды кыла беребиз. Балдарым да көнүп калышты, Чубак ажынын күлдүрүп жооп бергенине биз да күлөбүз, кээ бирлердин келесоодой суроо бергенине жинибиз келет, айрым жоопторду эске түйүп коем, кайталап айтканга жакшы экен деп.

 

Анан эле бир күнү түндө уйку жок, ФБка кирсем, Чубак Ажы кайтыш болду деп жүрөт, окуп алып бир даанышман, акылман кеңешчимен айрылгандай, өтө жаман болдум.

Бул кишини тааныганыма аз эле убакыт болду эле, ушинтип эле өлүп калабы, эми кимди угабыз, кантип эле, кандайча, өлбөш керек эле го деп бушайман болдум. Мен эле эмес, жалпы журт Чубак Ажыны жоктоп турду, коронавирус күчөп, каза болгондордун саны көбөйүп аткан учур эле, ага карабастан эл пенделик парызын аткарып аалым менен коштошуп атышты.

Бирине жакса, бирине жакпаганы менен ал киши көрсө коомду ыйманга, адептүүлүккө чакырып, адамдарды жакшы жолго салып, көз караштарды өзгөртүп койгон экен.

Мен өзүм диний адам болбосом да, окутуучу катары Чубак Ажыдан эмнени үйрөндүм, эмнени байкадым, эмнесин бааладым:

-Сабаттуу болууга үндөйт эле, кыргыз тилинде катасыз жазууга, бир ката, бир суроодо канча ката болсо ошонун баарын оңдоп окуганы, жок дегенде ошол аудиториядагыларга туура жазууга, туура сүйлөөгө чакырат эле.

-Кыргызча макалдарды ылайыктуу окуяларга, шарттарга сиңе тургандай кылып айтканы, ыр менен жамактап айтканы, калыстык, адилеттүүлүктү даңазалаганы,

— Бардык ибадаттарды, диний тарбиялык насааттарды мисалдар менен, авторун көрсөтүп, кыргызчасын, орусчасын кошо далилдегени жакты.

-Аялзатын сыйлоого, коргоого, жалпы эле Энени, аялды, кыз-келинди сүйүүгө чакырат эле, ар бир икаясында көп айтчу, аялдарыңарды капа кылбагыла, белек бергиле, катасын кечиргиле дегени.

-Υй-бүлөнү эң биринчи орунга койгула деп баса белгилегени, Ата-Энени, ынтымакка чакырган,ар ким өз ордун билиши керек, Эркек өзүнүн, Аял өзүнүн ордун алмаштырбаганда баары жайында болот деген насааттары абдан жакты.

Илимий даражам бар деген менен, диний илимим аз экенине Чубак Ажыдан кийин көзүм жетти, мага окшогон канча билимдүүлөр бар, өтө көп, бирок ыймандуулар өтө аз го жашоодо. Билимди, интеллекттин даражасын аныктоочу тесттер бар IQ деген, бирок ыйманды өлчөп болбойт эмеспи. Адам аркы дүйнөгө узап кеткенде да «Ыйманы жолдош болсун» деп бекеринен айтылбаса керек.

Демек, ыйман биздин кан-жаныбызга сиңип, акыл-эсибизди, ниетибизди, амалдарыбызды көзөмөлдөп турган чоң күч экен.

Чубак Ажы узак жашаса, жаштарыбыз кыйла диний фанат эмес, диний маалыматтуу болуп, жакшы жагына өзгөрмөк беле деген ой келет кээде, себеби бир эле күчтүү киши коомду өзгөртө алаарына ынандым.

 

Терен билимдүү, маданияттуу, жакшы адам эле, жакшы устат эле! Юморун жоготпогон сонун позитивдүү адам эле.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! ??

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE