Пример HTML-страницы

Жанар жеңе жаңы келин болгондо өкүрүп-бакырып ыйлаганын азыркыга чейин эстешет

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 41 жаштагы тургуну Жанар Илиязова. Ал жолдошу менен кантип таанышканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Жанар Илиязова Тоң районунун Большевик (азыркы Эшперов) айылында туулган. Ага ысымды атасы ыйгарган. 1987-жылы мектеп босогосун аттап, окуучулук күндөрү кызыктуу өткөнүн айтат.

«Үлгүлүү окуучу болдум. Эрке кыз элем, мен каткырганда айыл жаңырчу. 1998-жылы мектепти эң мыкты баалар менен аяктап, Бишкекке жол тарттым. Студенттик күндөр башталды. Кесибим боюнча экономист-бухгалтермин. Бишкекте №15 мектепте эсепчи болуп иштеп жүргөндө болочок жолдошум менен тааныштым. 2005-жылы апрель айында телефон аркылуу тааныштык. Ал кезде уюлдук телефон жок эле, үйдөгү телефон менен күндө сүйлөшчүбүз. Таанышканда эле эң биринчи «үйдүн кичүүсү эмессиңби?» деген суроону бердим. Ал ортончусу экенин айтты. Ошентип сүйлөшүп кеттим, себеби үйдүн кичүү баласына турмушка чыккым келчү эмес. 2 ай көрүшпөй, телефондон сүйлөшүп жүрдүк. Июнь айында жолугууга чакырып, бири-бирибизди сүйүп калдык. 2005-жылы 30-октябрда 25 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум Карымшаков Шактыбек 1975-жылы Тоң районунун Кажы-Сай айылында туулган. Кесиби ветеринар, мал чарба жагында иштейт. Үй-бүлөлүк жашоо башталды, аз эле күн Кажы-Сайда жүрүп, той өткөрүп, кайра Бишкекке келип, иштеп баштадык», — деди ал.

Жанар жеңе жаңы келип болгондогу окуяны эстеп, айтып берди.

«Жаңы келин болгондо быжы, жөргөм, жалаң ич эт, картошкасы менен газга бышырып жаткам. Даяр болуп чыгарып жатканда туз салбаганымды эстедим. Даамы кандай болду билбейм, бышкандан кийин туз сээп койгом. Коркуп, ооз тийген да эмесмин. Ошентип ал күн билинбей өтүп кетти.

Жаңы келин болуп баргандагы күндөрдү эстесем күлкүм келет. Үйгө коноктор келип, узатып чыктык. Кеч кирип, караңгы болуп калган. Келген коноктордун бирөөсүнүн унаасы бузулуп, жолдошум унаа түртүшкөнү кетиптир. Мен караңгыда чуңкур бар экенин көрбөй, кирип кеттим. Андай деле терең эмес эле, кайын эжемдер колумдан тартып чыгарды. Мен эч кимди көзгө илбей, өкүрүп-бакырып ыйладым. Кайын эжем чыйпылыктап, «тез жардам чакыралы» деди. Жолдошум чуркап келсе, «мен керекминби же бирөөнүн унаасы керекпи?» деп абдан ыйлагам. Үйгө киргенден кийин уялганымды сурабагыла, канча уялып жүрдүм, азыр деле эстеп, күлүп калышат», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу экөө Сюзанна, Согдиана, Сабрина аттуу кыздарды тарбиялап жатышат. Алар окуудан тышкары бий, комуз ийримдерине барышат.

«Жаш жубайларга бири-бирин түшүнүүгө, сыйлоого кеңеш берем. Турмуштун ачуусун да, таттуусун да көтөрө билиш керек. Ар бир адамдын максаты болушу керек. Максатсыз жашоо — бул манисиз жашоо», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE