Пример HTML-страницы

Жалал-Абаддагы тургун чет өлкөгө бара жатканда илдет жуктурганын билген

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы суткада Жалал-Абад облусунда коронавирус илдети 2 адамдан аныкталды. Алардын бири Сузак, экинчиси Ноокен районунун тургундары экенин Жалал-Абад аймактык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта эки бейтап тең амбулатордук тартипте медициналык жардам алууда.

«15-июлга карата Жалал-Абадда COVID-19 илдети боюнча 2 учур аныкталды. Алардын бири аял, бири эркек киши. Бейтаптардын бири чет өлкөгө бара жатып ПЧР-тест тапшырганда ооруганы аныкталса, бири катуу ооруп, анализ тапшырганда билген. Азыр эки бейтап тең амбулатордук негизде дарыланып, дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деди Р.Ураимов.

Өткөн суткада өлкөдө 85 адамдан коронавирус аныкталса, анын ичинен 76 учур Бишкек шаарында катталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE