Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда жол оңдогон башкармалыкка 17,6 млн сомдук техника тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-ноябрда Жалал-Абад шаарында жол башкармалыгына жаңы техника берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Автандил Дүйшеев «Дусан DX140W» экскаваторун тапшырды. Бул унаа шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерине колдонулат. Андан сырткары шаардагы сел арыктарды, каналдарды тазалоо жумуштарын да аткарат.

Аталган техника 17 млн 640 миң сомго сатылып алынды. Анын 60%ы Жалал-Абад облустук ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган 40%ы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Жол башкармалыгындагы экскаватордун эскилиги жетип, бир нече жылдан бери жолдордун курулуш иштеринде кыйынчылык жаралып келген. Аталган мекемеде жалпы 11 техника, 40тан ашык жумушчу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE