Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спартакиадасы өтүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын спартакиадасы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, «Бирге көтөрсөк жеңил болот» аталышындагы фестивалда спорттук иш-чарадан сырткары кол өнөрчүлөр көргөзмөсү жана концерттик программа да орун алды. Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган район-шаарлардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын демилгечиси «ДМЧА-ЛОВЗ» коомдук фондунун жетекчиси Алтынбек Кабаев мындай иш-чара өлкөнүн бардык облустарында орун алганын айтат.

«Бүгүнкү күнү Жалал-Абад облусундагы бардык район-шаарларындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында спартакиада өткөрүп жатабыз. Мында катышуучулар спорттун шахмат, шашки, тогуз коргоол, жаа атуу жана кол күрөш түрү боюнча күч сынашышат. Мындан сырткары бул күнү аярлуу катмардагы адамдардын колунан жаралган эмгектеринин көргөзмөсүн жана концерттик программа да уюштурдук. Концертте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер ырдап, аларды калыстар тобунун чечими менен сыйлайбыз», — деди ал.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 42 миң 634 жаран бар. Алардын ичинен бала кезинен майып балдар 8 миң 274тү түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE