Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында өзгөчө кырдаал режими алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында киргизилген өзгөчө кырдаал режими 10 күндөн кийин алынды. Шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен 26-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими алынганын мэриядан билдиришти.

Ушул жылдын 18-мартына караган түнү катуу жааган жамгырдан кийин Көк-Арт дарыясында суусунун дээңгели көтөрүлүп, анын кесепетинен суунун нугу бурулуп, Жалал-Абад шаарынын Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин жеп, дарыядан суу ашып кетүү коркунучу пайда болгон. Анын кесепетинен калаанын Живпром участкасынын аймагында жайгашкан 569 турак үйгө жана 11 мекеме-ишканага кооптуу абал жаралган. Мындан улам Жалал-Абад шаарына 18-марттан тарта өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген болчу.

«Түзүлгөн өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу максатында Живпром участкасында жайгашкан №10 дамбанын сол жээгин бекемдөө боюнча тиешелүү жумуштар аяктагандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал тартиби алынды», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE