Пример HTML-страницы

Жайыл районундагы мал базарда болуп көрбөгөндөй аз сандагы жылкылар байкалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖекшемби күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы мал базарда болуп көрбөгөндөй аз сандагы жылкылар байкалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, буга чейин базарда бир нече жүзгө чейин аргымак сатылса, өткөн жекшембиде тандоо аз болгон.

Сатуучулар менен сатып алуучулар малдын баасы кымбаттаганын айтышты.

«Базарда малдын тартыштыгынын бир нече себептери бар. Биринчиден, мал жайлоого айдала баштады. Экинчиден, чөптүн арзандыгынан көпчүлүк малды бордоп-семиртип сатып ала башташты. Азыр жетишсиздик жылкыларга тиешелүү, бирок жакын арада бодо мал, майда мүйүздүү малдар да ушундай эле көрүнүш болот деп ойлойм», — деди Эриктуу айылынын Мырза аттуу фермери.

Учурда 1 жаштагы арык жылкылар 50 миң сомдон 60 миң сомго чейин, 2 жаштагылар 70 миң сомго чейин бааланууда.

Маалыматка ылайык, жаңы чабылган чөп былтыркыга салыштырмалуу эки эсе арзан — бир боо беде 120-180 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE