Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө «Лексус» айдап бараткан жигит күтүүсүз жерден кырсыкка кабылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush«Лексус-470» үлгүсүндөгү унааны айдап качкан жаран Чолпон-Ата шаарынын кире беришиндеги көпүрөнүн тушунан жол кырсыгына учурады. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 14-ноябрында Балыкчы ШИИБге 1988-жылы туулган Б.М. арыз менен кайрылган. Анда 13-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында ага тиешелүү «Лексус-470» үлгүсүндөгү унаасын Балыкчы шаарынын дүкөндөрүнүн биринин алдынан белгисиз жаран айдап качып кеткендиги жөнүндө билдирген. Келтирилген чыгым 25 миң АКШ долларын түзгөн.

Бул факт Балыкчы ШИИБ тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесин (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери жана Ысык-Көл облусунун ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан шектүү Чолпон-Ата шаарынын кире беришиндеги көпүрөнүн тушунан жол кырсыгына учураган жеринен кармалган.

Ал Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну М.Б. болуп чыкты. «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаа жараксыз болуп калган жана далил зат катары Балыкчы шаарынын айып короосуна киргизилген. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта, шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Балыкчы шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камака алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE