Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө эки унаанын катышуусундагы кырсык видеого түшүп калды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунда эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 19-июль күнү саат 16:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 58-чакырымында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаасы жолдун каршы тилкесине чыгып, келе жаткан «Равон Нексия» үлгүсүндөгү унаасы менен кагышкан.

Натыйжада эки унаанын айдоочулары ооруканага жеткирилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE