Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 19 объектини менчиктештирип алган жигитти текшерүү сунушталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБашкы прокурор Курманкул Зулушевге Ысык-Көл районунун Темиров айыл аймагындагы бир жарандын 19 объектинин менчиктештирилип кетишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүндү.

18-ноябрда Чолпон-Ата шаарында башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин эл менен жолугушуусу болуп өттү.

Темир айылынын тургуну 2017-жылы Эсеп палатасы Темиров айыл өкмөтүнө текшерүү жүргүзгөнүн билдирди.

«Бир жигит 19 объектти менчиктештирип алган, мунун баарын Эсеп палатасы орноткон. Аксакалдардын атынан облустук прокуратурага кайрылышкан, бирок жыйынтык болгон эмес. Арызды кабыл алууну суранабыз», — деди тургун.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев айыл тургунуна материалдарды тапшырып, кароону убада кылып, арыз жазууну сунуштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE