Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө карындашына шылтап, кылмышка барган жигит Чүйдө кармалды. Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushБалыкчы шаарындагы соодагерди 11 миң сомго зыянга учуратууга шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 26-майында Балыкчы ШИИБге арыз менен ушул эле шаардын 1971-жылы туулган Ж. Б. кайрылган. Арызында 2022-жылдын 26-май күнү саат 09:45 чамасында Балыкчы шаарынын «Кербен» базарынын түндүк тарабында жайгашкан павильондо соода кылып отурса, «Мурдагы күнү карындашым уюлдук телефон кɵрүп кетиптир, ошол телефонду алганы келдим» деп, 30-35 жаш курактагы белгисиз жигит келген. Ал «Самсунг А10» жана «Редми 5» үлгүсүндɵгү колдонулган эки телефонду алып, «Карындашыма кɵрсөтүп келейин» деп, ошол бойдон кайтпаганы жөнүндө айткан. Натыйжада арыз ээсине 11 миң сомду түзгѳн материалдык чыгым келтирилген.

Бул факт Балыкчы ШИИБ тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө ыкчам иш аракеттердин жүрүшүндɵ, кылмышка шектүүнүн өздүгүн милиция кызматкерлери аныктоого үлгүрүшкөн. Ал Бишкек шаарында алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгон Чолпон-Ата шаарынын 1993-жылы туулган тургуну М.А. болуп чыккан.

Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери шектүүнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунан кармашып, Балыкчы ШИИБдин тергɵɵ кызматына ɵткɵрүп беришкен.

Алгачкы суракта, кылмышка шектүү катары кармалган М.А. өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Балыкчы шаардык соту тарабынан, тергөө учурунда 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда тергɵɵ амалдары уланууда.

Тергөө кызматы, кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт. Бул жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандарды 0505 250 545, 0703 310 315 номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE