Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө өспүрүмдөрдүн катышуусундагы 90 жол кырсыгы катталып, 11 адам каза тапкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктардын алдын алуу максатында «Коопсуз жол жана балдар биздин келечек» аттуу рейддик иш-чаралар өткөрлүлүүдө.

Ысык-Көл облусунун аймагында 2022-жылдын 10 айында жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы 90 жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 11 адам каза таап, 132 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Оор кесепеттерди алып келген жол кырсыктар жана анын ичинен жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун ЖКККБнын кызматкерлери 2022-2023 окуу жылдарынын 2 чейрегинин башталышы менен облустун аймагында «Коопсуз жол жана балдар биздин келечек» аталышындагы рейддик иш-чараларын уюштуруп өткөрүшүүдө.

Ысык-Көл облусунун ЖКККБнын кызматкерлери жергиликтүү усулдук билим берүү мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте облустун ар бир мектептеринде окуучулар менен маектешүү түрдө пландаштырылган ачык сааттарды өткөрүшүүдө.

Анда ЖКККБнын кызматкерлери балдарга жол эрежелерин үйрөтүп, жөө жүргүнчүлөр өзүлөрүн жолдо кандай туура алып жүрүүнү жана жол коопсуздугу жөнүндө толук маалымат менен бөлүшүүдө.

Өз учурунда балдар милиция кызматкерлеринен өзүлөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышышууда.

Аталган иш-чара 15-ноябрдан баштап жылдын аягына чейин созулмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE