Пример HTML-страницы

Ысык-Ата районуна Баткен облусунан 70 тургун келип жайгашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылына Баткен облусунун 70 тургуну келип жайгашты.

Райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматы боюнча, жолдо дагы тургундар келе жатат.

«Кечээ 70тей тургун Ивановка айылындагы медресеге келип жайгашты. Алар Баткен облусунун Самаркандек, Ак-Татыр, Орто-Боз, Паскы-Арык айылдарынан келишти. 84 жаштагы ападан тартып 3 айлык наристе, арасында кош бойлуу келиндер бар. Алар үчүн жалпы 100 орун даярдалган. Баары медициналык кароодон өтүп, алар менен психолог иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштообаева, акимдин орун басары Нурбек Сагынбаев райондук төрөт үйүнө түшкөн келиндин абалы менен таанышышты. Дарыгерлердин кароосунан өткөрүлгөн келиндин жана курсактагы баласынын абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE