Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Ырыскың түгөнбөй туруп ажал келбейт.

https://kyrgyzcha.site/?p=4892&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЫРЫСКЫҢ ТҮГӨНБӨЙ ТУРУП АЖАЛ (ӨЛҮМ) КЕЛБЕЙТБир киши терең кудукка түшүп кетет да элдерден жардам сурап үнүнүн жетишинче кыйкырат. Кыйкырыкты уккан адамдар чуркап келишип аны кудуктан чыгарып алышат. Куткарып алган кишилердин бири ал адамга бир чыны сүт сунат. Сүттү ичип демин басып алгандан кийин адамдар андан кантип кудукка түшүп кеткенин сурашат. Ал окуянын кандай көрүнүштө болгонун сүрөттөп жатып кудуктун жээгине келгенде буту тайып кайра кудукка түшүп кетип ошол жерден көз жумат. Бул кишинин бир чыны ырыскысы калган болчу. Ошол чыны сүттү ичкен соң кайра ошол кудукка түшүп жан берет. Адамдын ырыскысы түгөнбөй туруп ажал келбейт. Ырыскысыз калам деп эч качан коркпо! Болгону анын себебин аткар, ырыскыны Алла берет.Автор:
Абдишүкүр Нарматов

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE