Пример HTML-страницы

Видео, сүрөт — Жумгалдын Куйручук мал базарында гиссар менен «Арашандын» 4 тиштүү козусу 45 000 сомго бааланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Тилек Станбеков малдын сапатына көңүл бурууда. Ал учурда мал сатып киреше таап жатат. Бул жолу мал базарга алып келген төрт жаштагы асыл тукум кочкорду 45 миң сомго баалады.

«Бул кочкордун энеси гиссар, атасы «Арашан» породасынан. Койлорго быйыл коштум. Эми сатайын деп жатам. Төрт тиш, баасы 45 миң сом. Бирок, 35 миң сомдон 40 миң сомго чейин сурап жатышат. Сандан сапатка өткөн жакшы экен. Себеби, козуларым жакшы түштү», — деди Станбеков.

Куйручук мал базарында адаттагыдай мал көп. Алармандар төрт түлүктүн баасы күндөн күнгө кымбаттап жатканын айтышууда. Ал эми Жумгал районундагы Көк-Ой айылынан келген Сардал Осмонов бул пикирге кошулбайт.

«Малдын баасы мурункуга караганда арзаныраак экен. 50 миң сом деп баалаган буканы 47 миң сомго бердим. Жылкылар 90 миң сомго чейин кетип жатат. Бул кунан 65 миң сом деп турат», — деди ал.

Куйручук айылынын тургуну Мейманбек Мурсалы уулу майда жандыктардын баасына токтолду.

«Майда жандыктардын баасы семиз-арыгына жараша коюлган. Семиз козулар 8,5 миң сомдон 10 миң сомго чейин. Койлор 14-15 миң сом болуп жатат. Чарба койлор 6,5-7 миң сомдон. Эчкилердин жакшысы 8 миң сом. Чарба эчкилер 3,5 миң сомдон жогору», — деди ал.

Мал базарда жылкы 100-150 миң сомго чейин, кунан, тайлар 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин, кунажын, торпоктор 30 миң сомдон 80 миң сомго чейин сатылууда.

Козулар 10 миң сомго чейин болсо, койлордун семизи 15 миң сом, эчкилер 8 миң сом чейин сатылып жатат.

Жуманын бир күнүнө белгиленген бул базарда соода таңкы саат төрттө эле башталат. Төкмө Куйручуктун (Кудайберген Өмүрзак уулу) атын алып жүргөн базар 2017-жылы салынган. Жалпы 2 гектар жерди ээлеген базарда бардык шарт түзүлгөн.

Жумасына 1 жолу өтө турган базарда жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп, ар кандай тейлөө кызматтарында иш алып барышат.

Базарга 50дөй жылкы, 70дей уй, 100гө жакын кой кирет.

Базарда мал баасы туруктуу болгону менен Жумгал районунда уй эти 500 сомдон, ал эми кой этинин килограммы 550 сомдон сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE