Пример HTML-страницы

Улуу Ата Мекендик согушта Брест чебин коргогон Шакен Чекаевдин каармандыгы

Акыркы жанылыктар

TurmushТарых инсаны рубрикабыздын бүгүнкү каарманы — Улуу Ата Мекендик согушта Брест чебин коргоого катышкан Шакен Чекаев жөнүндө болмокчу.

Шакен Чекаев 1920-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында туулган. Атасы Самсаалы Ондондун сары калпак уруусунун Мырза уулунан болгон. Аны элдер Чокой деп чакырышчу. Уулдуу болгон Самсаалы азан чакыртып, уулунун ысымын Шаршенаалы коёт. Каарманыбыздын кызы Чекаева Чынаркүл Шакеновнанын айтымында, Самсаалыны эл Чокой деп тергеп чакырышкандыктан, өз аты унутулат. Сельсоветте Шмидт деген улуту бөлөк адам иштеген. Чокой уулдуу болду десе, митиркага ысымын Чекаев Шакен деп жазып салат.

Шакен айылдык мектептен билим алып, андан соң курстардан окуп, мугалимдик кесипке ээ болот. 1938-жылы Ак-Өлөң сельсоветинин мектебинде мугалим,1939-жылы Кара-Шаар баштапкы мектебинде мугалим болуп иштеп жүрүп, 1940-жылдын 15-мартында советтик армиянын катарына чакырылат. Брест шаарында аскердик милдетин өтөйт.

Брест шаары Беларусь Республикасынын жанындагы чеп болгон. Мухавецтин Буг дарыясына куя берген жерде жайгашкан. Бул чеп 1833-жылы курула баштаган. 19-кылымдын 2-жарымында, 20-кылымдын башында бир нече ирет бекемделип, жаңыртылган. Биринчи дүйнөлүк согушта 1914-1918-жылдары өзүнчө курулган айрым бекинүү жайынан, форттордон турган бекем чепке айланат. 1919-1939-жылдары чеп Польшанын карамагында болгон. 1939-жылы СССРге кайтарылган. Шакен Чекаев ал жердеги полктук мектебинде окуп, артиллериянын наводчиги, артилериянын командири болот. 1941-жылы полктук мектепти аяктап, ага сержант аскердик наамы берилет.

1941-жылдын 22- июнунда таңкы саат 3-4тө Германиянын немистик армиясы Брест чебине кол салат. Фашисттердин танкалары, орудиялары, автомат-племёт орнотулган мотоциклдери каптап, абадан бомболоочу учактары 20-25тен учуп, саат сайын полктун коргонуу жайын бомбалайт. Ал учактарды коргоп жүргөн жеңил учактар советтикжоокерлерди баш көтөртпөй, төбөдөн аткылайт.

Советтик аскерлер жан аябай кармашып, 28 сутка бою Брест чебин баатырларча коргошот. Башкача айтканда 1941-жылдын 22-июнунан 20-июлуна чейин баатырдык коргонуусу менен Брест чебинин даңкы чыккан. Согуш башталган күнү мында 3,5 миң кишиден турган 42чи жана 6-аткычтар дивизиясынын айрым бөлүктөрү менен чек арачылар өздөрүнөн алда канча көп душмандын соккусуна туруштук берген. Коргонууга майор П. М.Гаврилов, капитан И.Н.Зубачёв жана полк комиссары Е.М.Фомин жетекчилик кылган. Брест чебинин баатыр коргоочулары адам чыдагыс шарттарда суусуз, тамаксыз, дары-дармексиз согушуп, зор жоготууларга карабастан, бир ай бою душмандын бир дивизиясын токтотуп турушкан. Бул чепти коргоого 30дан ашык улуттар катышып, кыргыз полку да катышкан. Шакен Чекаев согуштун үчүнчү айында колунан жана бутунан жарадар болгон. Шаар, айылдарды немистер тынымсыз бомбалагандыктан, Брянск токоюнун ичине жер төлө казылып, госпиталь уюшулган. Ошол жер астында казылган госпиталда дарыланат. Брест чебин коргоочулардын 6 миңдей адамы чыгып үлгүрсө, 9000 адам чептен чыга албай калган. Коргоочулардын көпчүлүгү партизандарга кошулган. Алсырагандары жана оор жарадарлары гана немистерге туткунга түшкөн. Брест чебин коргогондордун көбү баатырларча курман болушкан.

Шакен Чекаев госпиталда төрт ай жатып, айыккан соң Москванын алдындагы 296-артилериялык полкко командир орудия болуп дайындалат. Фронттун чегине фашисттердин 40-50дөн кем эмес танкалары каптап келип турган. Ал өзүнүн карамагындагы 12 жоокер менен душмандын 15тей танкаларын жок кылган. Чекааева Чынаркүл Шакеновна мындай дейт: «Атамдын эскерүүсүндө, «1942-жылдын декабрында Москванын алдында, Норофлминск шаарында турганыбызда абанын температурасы 45 градуска жетти. Немис жоокерлери 12 коргонуу трашеясын казып алышкан. Биздин армия эки катар траншеяда жайгаштык. 7-декабрь — Советтер союзунун конституция күнү эле. Ошол күнү чабуулга өттүк. Немис жоокерлери сууктун күчүнө туруштук бере албай, каршылык көрсөтө алышпады. Бирок абадан чабуул жасап, бомбалап турушту. Ал салгылашууда 170 миңге жакын немис жоокерлери менен офицерлер колго түшүрүлдү. Траншеяда суукка чыдабай өлгөн жоокерлердин санына эсеп жок. Аралыгы 70-80 чакырымга уланган чабуулда немис аскерлери чоң кыргынга учурады. 1943-жылдын январь, февраль, март айларында Белоруссиянын көптөгөн шаар-кыштактары бошотулду. 280 миңге чейин немис жоокерлери, офицерлери колго түштү” деп эскерет эле».

Шакен Чекаев Белорусь фронтунда, Батыш фронтунда согушка катышат. Варщавский, Смоленск, Могилев областарын бошотууга катышып, Смоленск шаарында жарадар болуп, госпиталга жатат. Айыккандан кийин өз бөлүгүнө Калуга шаарында кошулат. Одер дарыясында кармашууга катышып, Берлинге жеткен. Согушта 3 жолу жарадар, 4 жолу кантузия алган. Согуш учурунда 1943-жылы 3 айлык отпуска алып үйүнө келип кеткен.

1945-жылдын декабрында аскерден мекенине кайткан. Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени, 1944-жылы эки жолу «Кызыл Жылдыз» ордени , «Эрдик үчүн» , Жуков атындагы жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1946-жылы Комунисттик партиянын жайлоо парторгу, Ак-Өлөң орто мектебинин директору, 1948-жылы Улахол айылындагы жети жылдык мектепке директор, мугалим болуп иштейт. 1955-жылы «Ак-Өлөң» колхозундагы Орто-Токой мектебине партиялык уюмдун секретары, 1956-жылы « Ак-Өлөң» колхозунда парторг, 1959-жылы «Ак-Өлөң» колхозу «Көк-Мойнок» совхозуна айлангандан кийин совхозго парторг, 1967-жылы Балыкчы шаарына көчүп келип, Балыкчыдагы жыгач соода базада, керамзит заводдо, госторгдо склад башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. 2005-жылы дүйнөдөн кайткан. 6 баласы, эки уул, төрт кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE