Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Украинада кыргызстандык Руслан Полотов каза тапты. Анын сөөгү Таласта жерге берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандык жаран — Талас облусунун 38 жаштагы тургуну Руслан Полотов Украинадагы согуштук аракеттерде каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын мурунку кесиптештери билдирди.

Алардын айтымында, маркум өткөн жылы Россияга кеткен.

«Руслан абдан мыкты инсан болчу, АРИС долбоорунда чогу иштешкенбиз. Ушундай учурда санаалаш адамдын каза болгону биз үчүн өтө суук, күтүүсүз кабар болду. Ал былтыркы жылы Россияга кеткен. Үй-бүлөдө мыкты жар, сүйүктүү ата болчу. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — дешти алар.

Руслан Полотов Украинанын Луганск облусунун Северодонецк районунун Рубежное шаарында каза тапты. Анын сөөгү Москва шаарынан алынып келип, 3-июнда акыркы сапарга узатылган.

Руслан Полотов 1984-жылы 3-февралда Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында туулган.

Туугандарынын айтымында, ал 2 жыл мурун Россияга кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE