Пример HTML-страницы

Turmush: Лейлекте кармалган айыл өкмөт башчылары: Алар камакта калтырылды

Акыркы жанылыктар

Turmush1-апрелде Лейлек райондук соту Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевди 24-майга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Жактоочу Асылбек Кунгуровдун айтымында, алар Ош шаарындагы абакта кармалууда.

«1-апрелде Бекжан Жалилов менен Саматбек Эгембердиевдин соту болду. Мында маңызы эмес, алардын бөгөт коюу чарасы катары, камакка алуу түрүн узартуу же өзгөртүү чарасы каралды. Мында коргоочу тараптын жүйөөлөрү эске алынганбай, алар 2022-жылдын 24-майына чейин Ош шаарындагы №25 СИЗОго камакка алынды», — деди ал.

Жактоочу буга катар эле буга чейин алардын иши Лейлекте, Кадамжайда жана Баткен райондук сотунда каралып, мөөнөтү кечиктирилип жатканын белгиледи. Лейлек райондук сотунда белгисиз себептен, тергөө ордун жылдырылып жатканы мыйзам бузуу болуп саналат.

«Лейлек райондук сотунун тергөө судьясы окууга кетип же ооруп калган болсо Сүлүктүгө алып барса болмок. Бирок бул жерде Кадамжайга Баткен райондук сотуна алып баруу менимче мамлекетке да чыгаша кылып, тергөөчүлөргө доо кетирип жатат. Биз эмне себептен башка райондорго жылдырып жатканын сураганыбызда далилдүү бир себеп айтышпады», — деди ал.

Мындан ары Б.Жалиловдун жана С.Эгембердиевдин жактоочусу, тарапташтары Баткен облустук сотуна арыз менен кайрылышат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 25-мартта Баткен облустук прокуратурасынан Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы жана азыркы жетекчилери кармалганын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундарынан объекттердин курулушу боюнча арыз түшкөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө экспертиза жана аудит дайындалып, анын жыйынтыгында акча каражаттарын мыйзамсыз коротуу фактылары аныкталшган. 24-мартта кылмышка шектелип айыл өкмөттүн кызматкерлери кармалган.

Баткен облустук прокуратурасы иликтөө иштери 2021-жылдын 26-августунан тарта жүрүп жатканын билдирген.

Маалым болгондой, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, айылдык кеңештин азыркы спикери Эгембердиев Саатбек Искендерович, айыл өкмөттүн азыркы жетекчиси Жалилов Бекжан Турсунбекович жана жооптуу катчы Акжол Абдуллаев кармалган.

Бүгүн, 25-мартта Лейлек районунун прокуратурасынын алдына алардын тарапташтары топтолуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан.

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиевдин айтымында, Саатбек Эгембердиев 2014-2019-жылдары айыл өкмөттүн башчысы болуп иштесе, Бекжан Жалилов башкы бухгалтер болуп иштеген.

«Тургундар президентке, Коопсуздук кеңешине, УКМКнын башчысына арыз менен кайрылышкан. Анда республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчалар жөнүндө сөз болгон. Лейлек районунун прокуратурасы көз карандысыз аудит жүргүзгөн (Ошто). Адистер келип, акт түзүшкөн. Сөз 36 объект жөнүндө болуп жатат. Анын ичинен 15 объект текшерилген.

Курулуш жана оңдоо иштери үчүн мамлекеттик бюджеттен 34 млн сом бөлүнгөн. Анын 4 млн 200 миң сому максатсыз колдонулган.

Мындан тышкары Лейлек районунун прокуратурасы мамлекеттик адистерди — Мамлекеттик каттоо кызматынан, архитектурадан бухгалтерлерди алып келишкен. Иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Алар дагы аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн маалыматтар тастыкталганын айтышкан», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE