Пример HTML-страницы

Turmush: Кыргызстандын жаратылышы: «Ак шейшепке оронгон» Соң-Көл

Акыркы жанылыктар

TurmushЖаратылышы жайы-кышы кооз болуп, көпчүлүктүн сүйүктүү эс алуучу жайына айланган Соң-Көлдүн азыркы көрүнүшүн Нарын облусунун тургуну Амантур Бакыт уулу сүрөткө тартты.

Анын айтымында, учурда кардын калыңдыгы 30 сантиметр.

Соң-Көл өрөөнү — Ички Теңир-Тоонун борбордук бөлүгүндө, Соң-Көл, Молдо-Тоо, Бооралбас кырка тоолорунун ортосунан орун алган. Кеңдик багыт боюнча 50 чакырымга созулат, туурасы 25 чакырым. Таманын Соң-Көл көлү ээлейт. Деңиз деңгээлинен 3000-3400 метр бийикте жатат.

Климаты континенттик, жылдык орто температурасы -3,5°С, январда -20°С, июлда +11°С болот. Жылдык жаан-чачын — 350-400 мм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE