Пример HTML-страницы

Turmush: Баткенден барып, бир нече кыз менен кумарын кандырган 5 балалуу ата: Төшөктөн кийинки азап

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунда ВИЧ илдетине кабылган 286 жаран болсо, анын көпчүлүгү жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алышкан. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган илдетке каршы күрөшүү борборунун эпидемиолог дарыгеринин жардамчысы Тамина Надирова билдирди.

Анын айтымында, бул илдетти миграцияда жүргөн эмгекке жарамдуу жарандар жугузуп алууда. Алар 21 жаштан 45 жашка чейинки курактагылар. Илдетти жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алышканы бейтап менен баарлашкан учурда аныкталууда.

«Биздин облус 5 аймакка бөлүнөт. Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарлары. Эң көп катталганы Кызыл-Кыя шаарында. Бул шаарда 57 эркек киши, 49 аял илдетке кабылган. Жалпы облус боюнча 286 жаран бул илдет менен күрөшүп келет. 3 бейтап СПИД менен ооруп, азыр башка облуста дарыланып жатат.

Акыркы 2021-2022-жылдардагы катталган бейтаптардын баары жыныстык катнаш аркылуу жугузуп алгандар. Мунун себеби — миграция. Баары эмгекке жарамдуу 21-40 жашка чейинкилер. Алар кандай жол менен жугузуп алганы өздөрү маек курган учурда ачык болот. Көпчүлүк аялдар кош бойлуу болгон кезде анализ тапшырышат. Ошол анализден чыгып, анан күйөөсүндө илдет бар экени аныкталат. Ага чейин билишпейт. Чет жакка чыгып жатканда анализ тапшырышат. Ушул учурда аныкталат. Медкызматкерлер, аскер кызматкерлери жыл сайын анализ тапшырып текшерүүдөн өтүп турушат. Ал эми жөнөкөй жарандар эч качан оорумайынча анализ тапшырышпайт. Негизи бизге аты-жөнүн анонимдүү кылып анализ тапшырса болот», — деди ал.

Дарыгер буга катар эле ВИЧ жуктургандар сөзсүз дарыланышы керектигин белгиледи.

«Бир жолу 5 балалуу ата анализ тапшырды. 5 жыл миграцияда жүрүптүр. Ошол убакта жаш кыздар менен жүргөнүн айтты. Ал сактанбай туруп жыныстык катнашка барган. Бир эле эмес, бир канча кыздар менен болгондуктан, кимден жугузуп алганын билбейт. «Эркектик кылыптырбыз, жаштык кылыптырбыз» деп өкүнүшөт.

Ал эми аялдар арасында катталса алар жашырышат. Кайдан жугузуп алганын ачык айткысы келбейт. Болгону операция же дагы ушундай жолдорду айтышат. Көпчүлүгү айтпай коюшат.

Аялында бар, күйөөсү таза, күйөөсүндө бар, аялы таза учурлар да болот. Үй-бүлөсүнө айтпай жүргөндөр да бар. Анткени «сен оору жугузуп келдиң» деп үй-бүлө бузулушу мүмкүн. Биз купуялуулукту сактайбыз. ВИЧ жуктурган аялдар кош бойлуу учурда 3 жолу анализ тапшырышат. Бир гана операция менен төрөшөт жана баланы эмизбейт. Энеден балага өткөн учур аз кездешет.

Анан хиджама жасатканда, донорлордон жугузуп алдым дегендер болот. Бул алардын божомолдору. Бирок ошол хиджама жасаткан учурда 1-2 адамга колдонулган буюмдар 75 градуста сууга кайнатылып колдонулса ошондо гана тазаланат.

Бул дарт менен күрөшкөндөр «башка адамга жугузбайм» деп тил кат жазып беришет. Эгер жугузса кылмыш жообуна тартылат. Мындай учур бизде каттала элек. Каттоодо турган жарандар убагында дарыланып турушат. Дарыланган учурда жугуу коркунучу азаят», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE