Пример HTML-страницы

Turmush: Баткендеги жоокерлер ант беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 26-ноябрда Баткенде аскердик милдетин өтөөгө келген жоокерлер ант беришти. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чара жаш жоокерлердин салтанаттуу жүрүшү менен башталды. Анда ар бир жоокер ант берип, 1 ай ичинде үйрөнгөн аскердик коргонуу ыкмаларын ата-эне, жакындарына көрсөтүштү. Салтанаттуу иш-чара ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын командиринин техника жана куралдануу боюнча орун басары Б.Алыкеев жана Баткен шаарындагы үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын командири О.Э.Пазыловдун башчылыгында өткөрүлдү. Пазылов жоокерлер куткаруучулук менен кошо айдоочу, электрик адистиктерин да өздөштүрүшөрүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE