Пример HTML-страницы

Turmush: Аламүдүн районунда «БМВнын» айдоочусу эки баланы сүзүп кетти: Бишкектин тургуну кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районунда эки жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен шектүү кармалганын Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, 28-мартта көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин жол кайгуул кызматкерлери жана Чүй ОИИБдин ИИБнын кызматкерлери тарабынан Төмөнкү Ала-Арча айылынын көчөлөрүнүн биринен 2009-жылы туулган Ж.А. жана 2010-жылы туулган Б.Б.ны сүзүп кеткен айдоочуну аныкташкан.

Натыйжада Бишкек шаарынын 2001-жылы туулган тургуну П.И. «БМВ» үлгүсүндөгү унаасы менен кармалды.

Учурда бул факты боюнча бардык керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, андан соң унаа айып жайга киргизилет. Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE