Пример HTML-страницы

Тою күнү жообун алган келин (болгон окуя) 

https://kyrgyzcha.site/?p=16998&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТОЮ КҮНҮ ЖООБУН АЛГАН КЕЛИН…

(болгон окуя)

 

Бул окуя бир жигиттин апасына болгон мээрими, сүйүүсү жана жалпы энелерге болгон сый урматы жөнүндө.Той күнү келин, күйөө бала аябагандай бактылуулукту, бири бирине болгон сүйүүсүн эч кимден жашыра алышпай, бардык тойго келген коноктордун көз алдында жаркырап отурушат эле.Той абдан кызып, ортодо тойго келген коноктор абдан шандуу бийлеп, тууган уруктар эки жашка өздөрүнүн чын жүрөктөрүнөн чыккан каалоо- тилектерин айтып жатышты.Эки жаш жомоктогудай бактылуу, бири- бирин карап жылмайышып, дүйнөдө өздөрүн эң бактылуу сезип жатышты.Бул тойдо өзүнөн, баарынан бактылуу сезген дагы бир инсан бар эле.Ал мээримдүү инсан баланын апасы эле. Ортодон чыкпай шандуу бийлеп,келген коноктор акчаларды кыстарып, башы акчага толгон, баланын мээримдүү энеси келген коноктордун алкышын астында ары бактылуу, ары арзуулу эле.Бир убакта келин күйөө баланын кулагына шыбырап калды апаңды ортодон чыгар.Менин курбу кыздарым өздөрү чыгып бийлесин аларда тойго бийлегени келген деп.Заматта жигит ортого чыгып микрафонду алып, музыканы токтотуп апам кимге керек!- деп кыйкырды.Келин ич ичинен ыраазы болуп,азыртан айтканымды кылса кийинчерээк мойнунан байлап алам деп ичинен ойлонуп мыйыгынан күлүп турду.Жигит күчүнүн барынча апам кимге керек!- деп кайра кыйкырды.Өз уулунун айтып жаткан сөзүнө капа болуп апасынын көзүнөн жашы төгүлө эмне болгонун түшүнбөй карап турду.Жигит кайрадан апам кимге керек!- деп кыйкырып….

Апам мага керек!!!- деп апасынын жанына басып келип, жаңы келинге «жообунду бердим!»- деп микрафондо кыйкырып апасын ээрчитип сыртка жөнөйт.Кыздын туугандары тополон кылып, балага асылышып эмне болгонун түшүндүрүп берүүсүн талап кылышып, тытмалашканына карабай,сыртка чыгып бара жатканда, эшикти тосуп, кыздын атасы чыгат баладан эмне болгонун түшүндүрүп берүүсүн талап кылат.Күйөө бала болгон окуяны, кыздын атасына айтканда, атасы ыйлап туруп күйөө балам жакшы экен го кызымды тарбиялай алган эмес экенмин мени кечир уулум, сендей уулдарыбыз көп болсун.Энеңди сыйлаганын үчүн аябай ыраазымын «бейиш эненин таманында» деп күйөө баласын узаткан экен…

{аягында бир сөз айтарым айымдар,кыздар сиздер да бир күн АПА болосуздар,ЭНЕ болосуздар,акылыңар менен болгула,сиздер биз үчүн КЫМБАТСЫЗДАР. Сиздер бар үчүн өмүр кымбат, жашоо уланат…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE