Пример HTML-страницы

Токмоктогу сулуулар сынагында баш байгени жеңген Толгонай кыялына жетти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында өткөн сулуулар сынагында баш байгени утуп алган Толгонай Жумадилова балалык кезиндеги кыялына жетти.

Каарманыбыз Чоң-Кемин айыл аймагынын Тегирменти айылында 2003-жылдын 25-январында жарык дүйнөгө келген. Атасы Нурболот Сулайманов фермер болсо, апасы Кымбат Жаркынбаева тигүүчүлүк менен алектенет. Өзү төрт бир туугандын экинчиси.

Толгонай Тегирменти айылындагы Белек Солтоноев атындагы орто мектепти бүтүрүп, азыркы учурда Токмок шаардык медициналык колледжинде дарылоо бөлүмүндө 3-курста окуйт.

«Кичинемен эле медицинага кызыкчумун. Токмокто өткөн сулуулар сынагы боюнча мага тайпалаш кыздарым айтты. Кичинемден эле ушундай сынактарга катышуу кыялым болчу. Ошол кыялым дагы сынакка катышууга түрткү болду. Ага бир айдай даярдандым. Албетте жакындарымдын колдоосу, жардамы менен жакшы даярдык көрдүм. Сезимдер өзгөчө толкундануу, кубануу, тынчсыздануу менен коштолуп, акырында жылуу көз ирмемдер менен жүрөгүмдө калды.

Сынакта биринчи саламдашуу болду. Экинчи музыкалдык номур болду. Анда мен Индиянын бийин бийледим. Үчүнчүсүндө өзүбүз даярдаган көйнөк кийип чыктык», — деди ал.

Каарманыбыз бош убактысында бийлегенди, ата-энеси, жакындарына жардам бергенди жакшы көрөрүн айтты.

«Эң бактылуу күндөрүм — балачагым. Хоббим — бийлегенди жакшы көрөм. Бийди эч кандай ийримдерге барбай эле, өз алдымча эле үйрөнүп алгам. Мен негизи мектепте окуп жүргөндө эле бийге жакын болуп, сынактарга катышчумун. Көбүнчө Индия, кыргыз бийлерин бийлейм.

Бош убактымда, ата-энеме жардам берип, тамак жасап, үйдө эле болом. Келечекте максаттарым көп. Тез жардам кызматында фельдшер болуп, кесибим менен көп ийгиликтерге жетишсем дейм», — деди ал.

  • Сулуулар сынагына Токмок шаарынын окуу жайларындагы 17 жаштан 23 жашка чейинки студент кыздар катышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE