Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Токмок шаарында кампадан өрт чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы өрт кырсыгы катталды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, кечээ, 3-сентябрда Панфилов көчөсүндө кампадан (гараждан) өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 16:50дө 2 бөлүм тартылган. Саат 18:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 19:19да толук өчүрүлгөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрт алгач таштандыдан чыгып, короодогу курулуш материалына жана кампага өткөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен кампанын 10 чарчы метр чатыры, 12 куб курулуш материалы, унаа чиркегичинин жарымы, 5 топтом эмерек өрттөнгөн.

Тилсиз жоодон жабыркагандар катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE