Пример HTML-страницы

Тиш.

https://kyrgyzcha.site/?p=4949&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ТИШТЕР
Тиш Аллах Тааланын бизге берген белеги. Тиш
менен денеге пайда берүүчү тамактар чайналат.
Тишти тазалоо ден-соолукту сактоонун эң маанилүү
каражаттарынан.
Анын оорусу өтө катуу. Ошол себептен, аны
дарылоо милдет.
Пайгамбар (Саллаллоху ъалайхис васаллам )
инсандын ден соолугун сактагандыгы үчүн жана
башкаларды ооздон чыккан жагымсыз жыт
менен жийиркентпөө үчүн тиштерди тазалоого көп
көңүл
бурган.
Пайгамбар: (Саллаллоху ъалайхис васаллам )
– «Мисвак колдонгула, ал тишти тазалайт жана
Аллахтын ыраазылыгына жеткирет. Жабраил мага
мисвак колдонууну өтө көп осуят кылгандыктан,
мисвак мага жана менин
үммөтүмө парз болуп калат го деп ойлоп калдым” –
деп айткан.
(Ибну Маажа).
Абу Айюб Аансарий риваят кылган хадисте,
Пайгамбар (Саллаллоху ъалайхис васаллам )
айткан:
– «Эки периште үчүн, намаз окуп жаткан кишинин
тишинин арасындагы тамактын калдыгын көрүүдөн
өткөн жагымсыз нерсе жок”.
Мисвак тишти сактайт, тиштин бүйлөсүн бекемдейт
жана шилекей бездерин жакшы иштетет. Тиштин
таза жана
жакшы жыттануусу үчүн тиш пастасын, тиш
щеткасын
колдонууга да болот. Булардын баары адамдын
чың ден-соолукта, жакшы жашоо сүрүүсүүнө шарт
түзөт.
Пайгамбарыбыз (Саллаллоху ъалайхис васаллам )
сарымсак же пияз жеген адамдын мечитке
келүүсүснө эмне үчүн тыюу салганын эми
түшүндүңбү?
Автор:Абдышүкүр ажы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE