Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Таластын Өзгөрүш айылында 275 орундуу мектеп курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 275 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы Замир Надырбаев билдирди.

«2021-жылдын 19-сентябрында Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн күн батыш тарабында 2 гектар жерге 275 орундуу мектеп салынып башталган. Долбоордун жалпы суммасы 86 млн сомду түзөт. Мектептин жалпы аянтынын курулушу 1534,5 чарчы метр. Долбоордо жасалуучу иштер төмөндөгүлөрдү камтыйт: Мектептин корпусу, спорт аянтчасы, от жагуучу жай, (котельная), ашкана, электр чордону, ажааткана, өрткө каршы резервуар. Мектептин сырты курчалат (ворота, калитка). Мектептин ички жолдору асфальт бетон менен төшөлөт жана айлана тегереги көрктөндүрүлүп, жашылдандырылат.

Андан тышкары, мектептин курулушу аяктагандан кийин компьютер, эмеректер жана окуу куралдары менен камсыздалат. Бүгүнкү күнү мектептин биринчи кабаты бүтүп, экинчи кабатынын 30 пайызы бүтүп калды. Бүгүнкү күнгө жалпы 10 млн 500 миң сомдун тегерегинде жумуштар бүткөрүлүп калды. Бардык каражаттар демөөрчүлөр тарабынан каржыланууда», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE