Пример HTML-страницы

Таласка Алтайдан алынып келген маралдар өлгөн жок

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласка Алтайдан алынып келген маралдар өлүп жатканы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Бекмурза Ашимов билдирди.

«Алтайдан алынып келген маралдар Беш-Таш коругуна жайгаштырылган. Учурда «каралбай, 10 марал качып кетиптир» деген кара пиар жүрөт. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Алар жөн гана тосмодон чыгып кетишкен. Тосмонун айланасында эле жүрүшөт. Чоочутуп албайлы деп азыр жем берип жатышат. Бүгүн, эртең кайра киргизилет. Ал жерде жарадар болгон маралдар жок. Алар биздин аймакка көнүп калды», — деди ал.

Алтайдан алынып келген маралдар:

Буга чейин облус жетекчилигинен Таласка Алтайдан маралдар алынып келинерин билдиришкен.

Маалыматка караганда, президенттин 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгына ылайык иштер жүргүзүлүп жаткан. Талас облусунун жетекчиси Бакыт Нарбековдун Россиянын Алтай Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунун Үр-Марал (Үйүр-Марал) өзөнүндө антропогендик себептерден улам жок болуп кеткен маралдардын популяциясын калыбына келтирүү, көбөйтүү максатында Алтайдан 35 баш марал алынып келинип, корукка коё берилмек болгон.

Видео Алтайдан тартылган

1-майда Алтайдан Талас облусуна 35 баш марал алып келишкен.

Маалым болгондой, маралдар Талас районуна караштуу Беш-Таш коругуна кое берилди. Талас жергесине маралдарды багуу боюнча Илимдер академиясы тарабынан атайын аныкталган корутунду чыгарылган. Алар жарандарга 20 күндөн кийин көрсөтүлүп баштамак.

Маралдарды алып келүүгө демөөрчүлөр тарабынан 2,5 миллион сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE