Пример HTML-страницы

Талас шаарында 1 кг шекер 92 сомго чейин сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында 1 кг шекер 92 сомго чейин сатылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттигинин Талас облусундагы жетекчиси Нуржан Аманкулов билдирди.

«Талас шаарында жайгашкан дүң соода түйүндөрүндө сатылып жаткан шекердин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштердин негизинде айрым соода түйүндөрүндө шекердин дүң бааларын 1 кг 0,50-1,50 сомго чейин төмөндөтүлдү. Алсак мындан 10 чакты күн мурдараак кайыңды кумшекеринин дүң баасы 93-95 сомду түзгөн болсо, учурда 90 сомдон 92 сомго чейин сатылууда.

Өткөн апталарда Индия кумшекери дагы 88-90 сомдон сатылып келген, бүгүнкү күндө Талас шаарында Индия кумшекери сатыкта жок», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE